Бобо-Диуласо шаары, Бобо Дюласо (Bolo Dioulasso) Буркина-Фасо мамлекетинин түштүк-батышындагы шаар. Уэ провинциясынын администрация борбору. Калкы 360 миң (2005); калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Уагадугу шаарынан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому, темиржол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Бобо-Диуласо өлкөнүн башкы экономикалык борбору. Тамак-аш (алкоголсуз ичимдиктер, суу май, пиво), самын кайнатуучу, тамеки ишканалары бар; сизаль иштетилет, пахта жана шалы тазаланат. Тактай тилинет. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, карапа буюмдар, буткийим, эмерек, тери иштетүү) өнүккөн. Чоң мечит, педогогикалык орто окуу жайы, илимий-техника изилдөө бюросу, экономикалык жана социалдык илимдер борбору, пахта жана текстиль институту, провинция музейи (заманбап африка искусство экспозициясы, базилика жана скульптура) бар. Батыш-Африка салттуу искуство көргөзмөсү үзгүлтүксүз болуп турат.

Бобо-Диуласо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү