Боб Дилан (англ. Bob Dylan, төрөлгөндөгү ысымы Роберт Аллен Циммерман, англ. Robert Allen Zimmerman; төр. 24 май 1941, Дулут, Миннесота) — Америкалык сүрөтчү, жазуучу, музыкант, ырчы жана киноактёр.

Боб Дилан
Bob Dylan
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Туулган датасы

24 -май 1941(1941-05-24) (82 жаш)

Туулган жери

Дулут, Миннесота АКШ

Өлкө

 АКШ

Кесиптери

поэт, композитор, гитарис, ырчы

Активдүү жылдары

1962 — азыркы учурда

Кызматташтык

Columbia Records, Asylum Records

Автографы

[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]]

bobdylan.com

Өмүр баяны түзөтүү

Боб Дилан өзүнүн өмүр баяны жазылган китептин биринчи томунда "чоң энемдин фамилиясы "Кыргыз" экен" деп белгилейт. "Чоң энемдин жашоосу аябай оор болуптур. Турмуштун катаалдыгынан улам үй-бүлөсү менен Одессадан Америкага көчүп кетишкен экен. Кайсы бир мезгилде алар Трабзондо (Түркия) жашашыптыр. Анткени чоң энемдин ата-теги Кагызманлылар уездинин Карса деген аймагынын тургундары болуптур. Чоң атам да ошол аймактын жашоочусу экен. Ал тери, булгаарыдан бут кийим тигүү менен алектениптир".

Боб Дилан 1941-жылы Миннесотада еврейлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Он жашынан ыр жазып, окуучу кезинен мектептеги музыкалык топто ырдап баштаган. Өзүнүн алгачкы альбомун "Боб Дилан" деген ат менен 1962-жылы жарыкка чыгарган. Боб Диландын бардыгы болуп 35 альбому жарыкка чыккан. 1985-жылы акын Андрей Вознесенскийдин демилгеси менен Москвада жеке концерт өткөргөн. Катуу оорудан кийин "Time Out of Mind" жаңы альбомун жазат. Ушул альбому үчүн 3 "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон. Дилан "Грэмми" сыйлыгын жети жолу жеңип алган. "Вундеркинддер" тасмасына жазылган саундтреги "Things Have Changed" үчүн "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарын алган. 2010-жылдагы "Rolling Stone" журналынын сурамжылоосу боюнча, Дилан "The Beatles" тобунан кийинки эле популярдуу рок музыкант деп табылган.

Каймана ысымдары түзөтүү

  • Элстон Ганнн (Elston Gunnn)
  • Боб Дилан (Bob Dylan) 
  • Blind Boy Grunt
  • Боб Лэнди (Bob Landy)
  • Роберт Милквуд Томас (Robert Milkwood Thomas)
  • Счастливчик Уилбери (Lucky Wilbury)
  • Бу Уилбери (Boo Wilbury)
  • Джек Фрост (Jack Frost)
  • Сергей Петров (Sergei Petrov)