Богдo-гэ-гэн (моңголчо богдо өтө касиеттүү, ыйык; гэгэн жарык) Моңголиядагы лама чиркөө башчысына ыйгарылуучу наам. Ламаизм дини үстөмдүк кылган мезгилде, 17-кылымдын орто ченинде жогорку лама иерархы тарабынан кабыл алынган. 1641-ж. Ундур-гэгэн (1635-1724) биринчи Богдо-ггэ-гэн болуп жарыяланган. Тышкы Монголия автономия болуп турган учурда (1911-19) акыркы сегизинчи богдо-гэ-гэн Чжемцзундамба-хутухта (1870-1924) анын теократиялык башкаруучусу болгон. Моңгол элдик революциясынан (1921) кийин анын укугуна чек коюлган (чечүүчү роль элдик өкмөттүн колунда болгон). 1924-ж. Чжемцзундамба-хутухта богдо-гэ-гэн өлгөндөн кийин Моңголия Эл Республикасы болуп жарыяланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү