Боден көлүГермания, Швейцария жана Австрия мамлекеттеринин чегарасында, Альп өндүрүндөгү мөңгүнүн аракетинен пайда болгон өрөөндөн орун алган. Аянты 538 км2. Тереңдиги 252 м ге чейин. Түндүк-батышы үчкө бөлүнөт. Жээктери дөбө-дөңсөөлүү, түштүк-чыгышы аскалуу. Көлдөн Рейн дарыясы агып чыгат. Кеме жүрөт, паром байланышы бар. Балык кармалат. Курорттору бар. Жээгинде Констанц, Фридрихсхафен (Германия), Брегенц (Австрия) шаарлары жайгашкан.

Боден көлү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү