Бодибилдинг (англ. вody дене жана building куруу), культуризм адамдын булчуңдарын өрчүтүү максатында чыңоочу шаймандар (гантель, штанга жана башка) менен жасалуучу физикалык көнүгүүлөр тобу. Ал денени чыңдоочу массалык жана спорттук болуп эки түргө бөлүнөт. Байыркы Грекияда кул ээлөөчү доордо эле (б. з. ч. VI I кылымдарда) пайда болгон. XIX кылымдын аяк ченинде спорттун түрү катары Америкада, Европада, кийинчерээк Россияда өнүгө баштаган. Бодибилдингдин максаты булчуңдарды өрчүтүү жана адамдын дене булчуңдарын рельефтүү, кооз калыптандыруу. Бодибилдинг менен машыга баштаганда спортчу өзүнүн салмагын, боюнун узундугун, төшүнүн кеңдигин, мойнунун, белинин, далысынын, жоон санынын, балтырынын жоондугун жана көөдөн кеңдигин өлчөөсү керек. Ар бир эки айда көрсөткүчтөрү текшерилет. Бодибилдинг менен машыгууда атайын ыкмалар да болот. 1968-ж. Эл аралык федерациясы түзүлгөн. Бодибилдинг боюнча эл аралык, дүйнөлүк мелдештер өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү