Бодуэн де Куртенэ Иван Александрович

Бодуэн де Куртенэ Иван Александрович (1(13). 3. 1845-3. 11. 1929) - орус-поляк тилчиси, славян, индоев-ропа жана шалпы тил илими боюнча адис; Казань, Петербург лингв, мектептеринин негиздөөчүсү.

Казань (1875- 83), Юрьев (азыркы Тарту, 1883-93), Краков (1893-99), Петербург (1900- 18), Варшава (1918-19) университеттеринин профессор Краков ИАнын акад. (1887) жана Петербург ИАнын мүчө-корр. (1897). Бодуэн де Куртенэнин негизги эмгектери фонет. алмашуулар менен фонеманын теориялык түзүлүшүнө арналган. Ал изилдөөлөрдө синхрония менен диахрония ажыратуу принциби сакталып, тилдин өнүгүшүндөгү айрым мыйзам ченемдер аныкталган. Бодуэн де Куртенэ - орус жана поляк тили, түштүк славян диалектологиясы боюнча баалуу эмгектердин автору.

Бодуэн де Куртенэ В. И. Далдый "Азыркы улуу орус тилинин түшүндүрмө сөздүгү" аттуу эмгегин редакторлоо, аны жаңы материалдар менен толуктаган (3-бас. 1903-09; 4-бас. 1912-14).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.