Бозкараган, итсийгек (Atraphaxis) өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы уруу; бадал жана бадалча. Бийиктиги 10 см ден 1м ге чейин. Өркүндөрү тикендүү же тикенсиз. Жалбырагы калың, катуу, бозомук, ар түрдүү формада, жумуртка же бөйрөк сымал, тарамыштанган же тарамыштары билинер билинбес, чети бүгүн, кыска саптуу. Гүлү эки жыныстуу, агыш же кызыл түстүү. Уругу жаңгакча. Борбордук Азияда, Жер ортолук деңиз жээгинде таралган. Кыргызстанда 7 түрү кургак, шагыл таштуу капчыгайда, агын суунун кумдуу жээгинде өсөт. Батыш Европада Мушкетов бозкарганы эзелтен бери кооз бадал катары өстүрүлөт. Кээ бир түрлөрү малга тоют.

Atraphaxis pyrifolia.

Колдонулган адабияттар түзөтүү