Бозо — таруунун, жүгөрүнүн, арпанын, сулунун шагынан даярдалуучу ичимдик. Бозо салууда адегенде шак сууга чыланып ачытылат (1 күн), андан кийин кайнаган сууга ачыган шак кошулуп, 1,5 саат бышырылат. Бышкан шак (атала) суутулуп, ага угут (атайын 1 жума өндүрүлүп, кургатылып, тегирменге же жаргылчакка тартылган буудай) кошулуп, жакшылап «чечтирип» аралаштырылат, анан ачыткы (көрөңгө) кошулуп, жылуулап жабылат.

Албаниялык бозо

Ал ошол калыбында 6-8 саат бою ачыйт. Ачыгандан кийин ага кайнаган суу кошуп, аталгы же баштык менен таза идишке сүзүлүп алынат. Бозо салыныш ыкмасына жараша төмөнкүдөй бөлүнөт:

  • Жаш бозо
  • Кордолгон бозо (шагы 3-4 күн ачытылып, угуту көбүрөөк салынат)
  • Кекире даам кер чагыр бозо (күчтүү бозо)
  • Суу татыр сулатыр бозо
  • Илеби ширин-ак көпшөк бозо (жумшак)
  • Камшак бозо

Кадимки эле бозону ичердин алдында бир аз май кошуп (болжол менен 1 литр бозого 100 грамм май), ыкчам ысытып берет. Мындай бозо «кара куурдак» деп аталат. Аны сыркоолоп (чыйрыгып) же күчтүү тамактан кийин күчтүү болгон учурда ичсе, тамакты аш кылууга жардам берет.

Кызыктуу малыматтар

түзөтүү

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Булактар

түзөтүү
  1. Чубак ажы Жалилов