Боз-Жалпак, суусу
Боз-Жалпак, суусу - Жети-Өгүз районундагы суу, Баралбас суусунун бир курамы. Узундугу 30 км, алабынын аянты 486 км2. Какшаал кырка тоосунун түндук капталынан башталып, Боз-Жалпак өрөөнү аркылуу түндук-чыгышты карай агат. Кара-Бел суусу менен кошулуп Баралбас суусун түзөт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3600 м. Ири куймалары: Кулжа-Төр, Кызыл-Чиркөө, Бедел, Кара-Бел, Миңтеке (оң). Алабында жалпы аянты 26,5 км2 келген 26 мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 3–4 м3/сек, эң көбү май–июнда, азы февралда байкалат. Өрөөнү жайыт.
Мүнөздөмө | |
---|---|
Узундугу | 30 км |
бассейндин аянты | 486 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Нарын облусу |
Район | Жети-Өгүз району |
Колдонулган адабият
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2