Боз-Кемпир, софора (Sophora) өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы дайым жашыл, анча чоң эмес дарак же бадал. Жалбырагы татаал канаттай. Гүлү сары, саргыч, агыш, сыякөк түстө, чачы же шыпыргыдай топгүлдүү. Чанагы цилиндрдей же төрт кырдуу. Май айында гүлдөп, мөмөсү августта бышып жетилет. КМШ өлкөлөрүндө 6 түрү бар. Гриффит Боз-Кемпир Кыргызстанда Разансай капчыгайында, Эчкилүү-Тоодо гана сейрек кездешкендиктен Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Япон Боз-Кемпир Кыргызстанда кооздук үчүн өстүрүлөт. Фергана тоолорунда жапайы түрү өсөт. Суукка чыдамсыз. Уулуу өсүмдүк. Андан дары, инсектициддер, боёк алынат.

Sophora chrysophylla.

Колдонулган адабияттар түзөтүү