Боз бармак «устаканасы» - Ысык-Көлдөгү эң байыркы археологиялык эстелик; төмөнкү палеолиттин ашель, мустье доорлоруна таандык. Балыкчы шаарына жакын жердеги Агөлөң кыштагынын чыгыш тарабындагы Боз бармак тектирчесиндеги жайгашкан таш курал жасоочу «устакана». Андан палеолитке таандык куралдар табылган. Археологдор В. Ранов, М. Юнусалиев, А. Деревянко, А. Зенин тарабынан изилденген. М. Юнусалиев бул эстеликти Саламат булак деп атоону сунуш кылган. К. Табалдиев.

Колдонулган адабияттар түзөтүү