Боз бел Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы орто жана соңку орто кылымдарга таандык көрүстөндөр, маркумга арнап орнотулган эстеликтер жайгашкан жер. Көрүстөндү казуу учурунда маркумдун сөөгүнүн жанынан ат жабдыктары жана тамак азыктарынын калдыктары, ошондой эле жаа жана жебе сыныктары табылган. Боз бел алгач 1990-ж. К. Табалдиев тарабынан казылып, изилденген. Анын айрым жерлери курулуш үчүн чопо-топурак алууда бузулган. К. Табалдиев.

Колдонулган адабияттар түзөтүү