Боз караган (Atraphaxis) - өсүмдүктүн кымыздыктар тукумундагы уруусу - Бадал же бадалча, жаш бутактары күзүндө узун тикенге айланат.

Жалбырагы калың, катуу, түсү бозомук, көгүш жашыл. Гүлү 2 жыныстуу. Уругу - жаңгакча. Борбордук Азияда, Жер Ортолук деңизинин жээктеринде таралган. СССРде 18, Кыргызстанда 7 түрү каксоо, таштак тоо беттеринде, жарым чөлдөрдө, агын суулардын кумдуу жээктеринде өсөт. Батыш Европада А. Muschketovii эзелтен бери кооз бадал катары өстүрүлөт. Кээ бир түрлөрү малга тоют болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.