Боз кемпир (лат. Styphnolobium korolkowii (Kochne) Jakovl), (Sophora griffithii Stoks ssp. korolkowii Kochne) - Жаш бутактары күмүштөй ак, көп жылдык бутактары боз кабыктуу бадал. Жалбырактары жупсуз канаттай, үстү жагы жашыл, асты ак түктүү, күмүштөй, жумуру жалбырактуу. Гүлдөрү сары, чачы топ гүлгө чогулган. Чанактары төрт кырдуу, алар ичке тегиз эмес канатчалуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май айында гүлдөп, июлң-августта уруктайт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Негизги экземплярлары Разансай капчыгайында, Нарын суусунун боюнда ( Батыш Тянңшанң) өсөт. Эчкилүү тоонун батыш беттеринде, Карасуу суусунун төмөнкү нугунда, Чаактоо капчыгайында, ошондой эле Нарын суусунун оң жээгинен тартып Күрпсай капчыгайына чейинки жерлерде бирин серин жолугат. Бул түрдүн табигый таралган жерлеринин эң түндүк чеги болуп эсептелет.

Өсүү шарттары түзөтүү

Жапыз тоолордогу таштактуу, аскалуу, эшилме, шагыл жерлер.

Саны түзөтүү

Саны эсепке алынган эмес.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Түрдүн өсүмдүктөрүнүн көпчүлүгү Бишкек-Ош жолун, Күрпсай суу сактагычын курууда, Разансай кыштагын уюштурууда, Эчкилүүтоо кыркасынын батыш жагына авто жолун салуудан жок болуп кеткен.

Өстүрүү түзөтүү

КР УИАнын Ботаникалык багында уругун эккенде жаш көчөттөрү тез эле куурап калат. Топурак менен кошо көчүрүлгөн көчөттөрдөн бирөө өсүп жетилип, гүлдөө мезгилине жетип, мөмө байлаган. Калкаласа кыштайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес. Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде (1985) катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Сакталып калган өсүмдүктөрүн тийиштүү токой чарбалары көзөмөлгө алыш керек. Эң ири популяциясы кездешкен Разансайда боз кемпирге ботаникалык заказник уюштуруу зарыл.

Статусу түзөтүү

CR. Кыргызстандагы кездешкен тукумдан жалгыз түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү