Боз үйдүн ички жасалгасы

Боз үйдүн ички жасалгасы - үйдүн ичинин бөлүнүшү жана андагы буюмдардын жайланышы элдин турмушу, салт-санаасы менен аныкталат, анын ар тарабы өзүнчө мааниге ээ болгон. Боз үйдүн так ортосу - коломто, ага казан асылат. Эшик менен коломтого карата төр жайы, улага, эпчи жагы, эр жагы болуп бөлүнөт. Төр - үйдүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, конок күтүлүп, адамдар жаткан. Ал жерге ала кийиз, өрө кийиз, шырдак, көлдөлөң, төшөк сыяктуу баалуу буюмдар салынат. Жүктүн эки жагына текче илинет. Эпчи жак - боз үйдүн кире беришиндеги оң тарабы. Анда ала бакан орнотулуп, ашкана каланып, тамак-аш, идиш-аяк сакталып, аяк кап, чыны кап илинет. Эр жагы - үйдүн сол тарабы. Анда эркектердин кийими, куралы, ат жабдык ж.б. буюмдар коюлган. Улага - үйдүн кире бериши. Ага адатта отун жыйып, ээр-токум коюлган. Боз үйдүн ички бөлүнүшү, төр, эпчи жак, эркектер жагы ж.б. аталыштар хакастар жана туваларда бирдей аталып, жалпы мааниге ээ. Боз үй жана анын предметтеринин аталышы консервативдүү мааниге ээ болуу менен, тарыхый доорлордун өнүгүшүнө карата өзгөрүлбөй сакталып келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү