Бокоев Бакытбек 1965-жылы 18- июнда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1982-жылы Макаренко атындагы орто мектебин аяктагандан кийин, Дружба совхозунда эмгектене баштаган.
  • 1983-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Советтик аскерлердин Афганистандагы контингентинде Вагран, Шиндан деген жерлеринде кызмат өтөгөн.
  • “За отвагу и мужество”, “За заслуги перед Отечеством и Родиной”, “Участнику
  • локальных конфликтов” деген медаль, төш белгилери жана башка көптөгөн юбилейлик
  • медалдар менен сыйланган.
  • 1985-жылы аман-эсен кайтып келип, өз айлында үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3