Болмуш жана аңсезим философиянын борбордук башкы категориялары. Болмуш (бытие) конкреттүү мейкиндикте жана убакытта жашаган бир реалдуулукту белгилөө үчүн колдонулган философиялык термин. Марксизмдин дүйнөтааным теориясында болмуш (материя, материализм) жана аңсезим (идея, идеализм) философия акыл-ойдун дүйнөлүк өнүгүү негизинде жаткан эки карама-каршы багыттардын (материализм-идеализм) концепциялары катары мүнөздөлөт. Материализм окуусунда болмуштун (Болмуш) негизин материя түзөт десе, идеализм, тескерисинче, болмуштун негизи идея (абсолюттук идея, рух) деп эсептейт. Болмуш түшүнүгү метафизиканын өзгөчө бөлүгү онтологиянын (Болмуш тууралуу окуунун) иликтөө айдыңы (предмети). Болмуш бул жашоо, ал бар чындык, болгон реалдуулук. “Болмуш” түшүнүгү байыркы коомдо адамдар өздөрүн курчап турган дүйнө жөнүндө эң жалпы көз караш түзүү аракеттеринен улам келип чыкканын болжолдошот. Философтор болмуштун мазмунун субстанция (дүйнөбашат, бардыктын башталмасы, түпмаңыз) менен бир катарда карашкан. Тарыхта болмуш идеясын алгач байыркы грек ойчулу Парменид алып чыккан. Ал болмушту «субстанция» менен окшош, төп маанилеш катары караган. Анын ою боюнча болмуш гана бар. Жок нерсе (небытие) деген жок нерсе. Аны аңдоого болбойт, андай жок нерсе тууралуу элестөө да мүмкүн эмес. Болмуш жаралбайт, жок да болбойт. Демокрит болмуштун негизин атомдор түзөт десе, Платон идеялар дүйнөсү анын чыныгы (реалдуу), түбөлүк, өзгөрбөс касиети жана сапаты деп атаган. Жаңы заман мезгилинде бул олуттуу түшүнүк башкача өңүттөн карала баштаган. И. Канттын болмуш менен түпмаңызды (субстанцияны) өз-өзүнчө бөлүп карашы, адамдын иш аракетиндеги таанымды жана практикалык чөйрөлөрдү маани-маңызына дейре ажырымдоого алып келген. Г. Гегелдин ырастоосунда болмуш жана ойлоо (мышление) категориялары маңызы боюнча бипбирдей, окшош. Ойлоо ныпым жок нерседен (небытие) башталып, өзүнүн карама-каршысы болмуш категориясына өтөт. 18-19кылымдагы материализм болмуш менен материяны бипбирдей, төп деп эсептеген. 20-21-кылымдын философиясынын Э. Гуссерль, М. Шелер, Н. Гартман, М. Хайдеггер сыяктуу өкүлдөрү болмушту жаңы өңүттөн, субстанция түшүнүгүнөн ажыратып карай башташты. «Аңсезим» - термини философиянын башкы түшүнүгүнүн бири, метафизиканын жуп категориясынын (болмуш жана аңсезим) түгөйү. Классикалык мааниде «Аңсезим» адамдын субъективдүү тарабынын бардык жактарын (ишмердиги, эмоция, идеалдар, баалуулуктар, нормалар жана башкалар) камтыйт, мына ушундай мазмунда караганда ал идеалдуу дегенге жакын. Аңдоо процессинде субъекттин аңсезиминде объект гана чагылбастан, ошол нерсенин аңдалып жатканы да кошо берилет. Тарыхтын түркүн-түрдүү циклдеринде аңсезимдин ар аспекттеринин актуалдуулугу ар кандай болгон. 18-19-кылымда аңсезимди иликтөөнүн мааниси негизинен билим менен теңелген. Ал аңсезим менен мээнин, аңсезим менен аңсезимсиздиктин катышы тууралуу. Азыркы учурдагы философиянын көңүлүнүн борборунда аңсезимдин онтологиялык жактары аңсезим менен тилдин карым-катышы тууралуу проблемалар турат. М. Эдилова.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү