Болометр
Болометр (гр. bole-нур жана. . метр) - нур энергиясын ченөөчү прибор.
Анын иштеши нур ченелүүчү сезгич элементке жутулганда, элемент ысып, электр каршылыгын өзгөртүшүнө негизделген. Сезгич элемент түрдүү металлдардын жука (0, 1-1 мкм) катмарларынан жасалат да, анын бети нурду жакшы жутсун үчүн каратылган күмүш катмары менен капталат. Сезгич элементтердин каршылыгы электрдик көпүрөчө схемасы боюнча ченелет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.