Жанузаков Болот Чыныбаевич (20. 10. 1948-ж. туулган, Кемин району, Чым-Коргон айылы) – генерал-лейтенант (2001). ФПИни (1970), КМУну (1991) бүтүргөн.

1970–83-ж. Сүлүктү шаардык эт комбинатында башкы инженер, комсомолдун Сүлүктү шааркомунун секретары, 1-секретары, комсомолдун Ош обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, партиянын Фрунзе шаар комунун инструктору, 1983–87-ж. Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгында саясий бөлүмдүн жетекчиси, 1987–88-ж. партиянын Нарын обкомунун бөлүм башчысы, 1988–96-ж. Фрунзе шаардык жана Чүй облусу ички иштер башкармалыгында бөлүм башчы, орун басар, 1996–98-ж. КРдин Премьер-министринин аппаратынын укук коргоо органдары жана коргоо бөлүмүнүн башчысы, 1998–2001-ж. КРдин Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүм башчысы, КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2001–02-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2002–03-ж. Коопсуздук кеңешинин улук инспектору, КРдин Президентинин кеңешчиси, Президенттин администрациясынын бөлүм башчысы, 2003–05-ж. КРдин Президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары, биринчи орун басары – уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1