Болот эритүү өндүрүшү - болот эритүүчү мештерде чоюнду жогорку температура менен кычкылдантып, составындагы көмүртекти азайтуу аркылуу болот куймаларды даярдоо өндүрүшү.

Болот эритүү өндүрүшүнүн эң алгачкы жөнөкөй түрү тигель процесси болгон. 19-кылымдын 2-жарымында машина куруу жана айрыкча т. ж. транспортунун талаптарына байланыштуу конвертер мештерин колдонуу жолу менен жүргүзүлүүчү бессемер жана томас процесстери пайда болуп, алар болот куймасын массалык түрдө өндүрүүгө мүмкүндүк түздү. Андан кийин чоюн жана болот сыныктарынан турган шихтаны (кошунду сырьё) эритип, болот куймаларын алууга мүмкүндүк түзгөн мартен процесси колдонула баштады. Бул кылымдын аяк ченинде болотту электр мештеринде эритүү, 20-кылымдын 50-жылдарынан баштап СССРде сапаттуу таза болотту вакуум мештеринде эритүү өндүрүшү ишке киргизилди. Бул мештерде жогорку температурада өтүүчү кычкылдануу реакцияларында чоюн болотко айланат. Суюк эритмеде калуучу темирдин чала кычкылы (FeO) жана болоттун көмүртек, кремний, марганец ж. б. боюнча тиешелүү проценттик составы эритмеге атайын кычкылдантуучу элементтерди кошуу жолу менен кадимки абалга келтирилет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.