Болуштук (орусча волость аймактык башкаруу бирдиги) падышалык Россиядагы аймактык-башкаруу бирдиги. Кыргызстан Россиянын курамына кошулгандан кийин 1867-ж. 11-июлда бекитилген «Жетисуу жана Сырдарыя облустарындагы абал жөнүндө» жобонун негизинде Кыргызстандын аймагы уезддерге, уезддер болуштарга бөлүнгөн. 1868-ж. алгачкы шайлоо өткөрүлгөн. Болуштар 1000-2000 түтүндөн турган. Мис., 1913-ж. Пишпек уездинде 50, Пржевальск уездинде 33 болуштук болгон. Жер которуп келгендерден өз алдынча жамааттар (общиналар) түзүлүп, аларды «кыштак болуштуктары» деп аташкан. Калкты аймакташтырып бөлүштүрүү кыргыздардагы ар түрдүү уруу топторунун бир аймактыкбашкаруу бирдикке биригишине жол ачып, кезегинде жергиликтүү отурукташкан жана көчмөн калктын арасындагы чыр-чатактын, кагылыштардын, барымталардын азайышына алып келген, көчмөн элдин отурукташына аздыр-көптүр шарт түзгөн. Болуштук бөлүнүш 1917-жылга чейин сакталып, Совет бийлиги орногондон кийин советтик негизде кайрадан уюштурулган. Алсак, Кыргызстанда 1926-ж. 4 округга баш ийген 72 болуштук болгон. СССР БАКы менен ЭКСтин 1930-ж. августтагы чечимине ылайык, жаңы аймактык-бийликке бөлүү ишке ашырылып, райондор түзүлгөндүгүнө байланыштуу олуштуктар жоюлган; Кыргызстанда болуштукту башкаруучу адам болуш (волостной) деп аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү