Больцман статистикасы классикалык механиканын закондорунун негизинде кыймылдоочу көп сандагы аракеттешилген бөлүкчөлүү системалардын статистикалык физикасы. 1868-71-ж. австриялык физик Л. Больцман иштеп чыккан. Анда идеалдык газдын бөлүкчөлөрүнүн бөлүнүшү импульс жана координата боюнча каралат. Буга молекулалары бири-бири менен начар байланышкан сейрек газдар баш ийет. Системадагы көп бөлүкчөлөрдүн ар биринин абалын так аныктоо мүмкүн эмес, бирок ар бир бөлүкчөнүн орточо кыймылы системанын жалпы абалын мүнөздөшү мүмкүн. Больцман статистикасында бөлүкчөлөр бири бирине көзкарандысыз түрдүү абалга бөлүштүрүлөт жана алар бири биринен айырмаланат. Бул абалда алардын координаталары жана импульстары белгилүү мааниге ээ болот. Ал суюлтулган молекула газдарга жана газ разряддуу плазмага колдонулат. Тыгыз газдардагы бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүндө Гиббс бөлүштүрүүсү пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү