Большаков, Михаил Николаевич

Большаков Михаил Николаевич (12.11.1907, Калуга 12. 6.1992, Бишкек) техника илимдеринин доктору (1952), Кыргызстан ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1954), Кыргызстан ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1977). Ленинград политехника институтун бүтүргөн (1931). 1931-40-жылда Ленинграддагы долбоорлоо жана илимий-изилдөө мекемелеринде иштеген. Чоң Чүй каналын (ЧЧК), Ортотокой суу сактагычын курууну долбоорлоо боюнча топтун (1940-42), 1946-83-жылдарда Кыргызстанда энергетика боюнча топтун жетекчиси, суу чарба секторунун башчысы, илимий иштер боюнча директордун орунбасары (1953), Суу чарбасы жана энергетика институтунун директору (1954-63), ошол эле жерде гидрология боюнча лабораториянын, ошондой эле, суу жана сууэнергетика ресурстары бөлүмүнүн башчысы. 1967-жылдан Кыргызстан суу чарба илимий-изилдөө институтунун директору, 1974-жылдан Республиканын суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана коргоо бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Гидрология жана гидротехника боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы жарык көргөн. Кыргыз ССРинин алгачкы улуттук атласын түзүүчүлөрдүн бири болгон.

Эмгектери: Водоэнергетические ресурсы Киргизской ССР (совм. с В. Г. Шпаком). Ф., 1960; Водные ресурсы рек советского Тянь-Шаня и методы их расчёта. Ф., 1972.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4