Бонитировкалоо малды тукуму жана кунардуулугу боюнча баалоо. Бонитировкалоону зоотехник-бонитёр жүргүзүп, ага ветврач же фельдшер, фермер жана башка кызматкерлер катышат. Чоң мал теги, экстерьери, кунардуулугу, тирүүлөй салмагы, тукумунун сапаты, ал эми жаш мал теги, экстерьери жана тирүүлөй салмагы боюнча бааланат. Мисалы, уйдун кунардуулугу сүтүнүн майлуулугу жана белоктун саны, уяң жүндүү койдуку жүнүнүн сапаты, чыбаштуулугу менен аныкталат. Бонитировкалоодо мал жана бакма канаттуулар продукттулуулугуна карата класстарга бөлүнүп, ошол боюнча бааланат. Ошого жараша алардын пайдалануу багыты жана өндүрүштүк топторго бөлүнүшү такталып, алардын продукттулуулугун жогорулатуу, тукумдук сапатын жакшыртуу чаралары иштелип чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү