Бооз мал тубар малдын уруктангандан төлдөгөнгө чейинки физиологиялык абалы. Бооз малдын түрүнө жараша бооздук мөөнөтү ар кандай болот. Мисалы, уйдун бооз абалы орто эсеп менен 270 300 күнгө созулуп, жетилген музоонун туулушу менен аяктайт. Кой козусун 150 күн, бооз бээ кулунун 11 айга чейин (же ашырып) көтөрүп тууйт. Мегежиндин бооз абалы 110-120 күнгө созулат жана торопойдун туулушу менен бүтөт. Коён бөжөгүн 30 күн көтөрөт. Бооз мал толук баалуу, сапаттуу, микро жана макроэлементтер, витаминдер менен нормалдаштырылган рацион боюнча тоюттандырылат. Бооз абалдын мөөнөтүнө жараша тоюттун түрү (сенаж, силос жана чөп) жана алардын рациондогу катнашы өзгөрүшү мүмкүн. Туутка жакын калганда (1 жумадан 10 күнгө) бооз мал өзүнчө туут бөлмөсүндө багылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү