Бор чөкмө тоотек; акиташ тегинин бир түрү. Жаратылыштагы бордун 91-99% органикалык калдыктардын көмүр кычкыл кальцийинен (кальциттен) турат. Кээ бир түрүндө алардан башка кварц, талаа шпаты сыяктуу минералдардын өтө майда бөлүкчөлөрү болот. Өңү ак, начар камдашкан, оңой жугат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1. Органикалык жана химиялык жолдор менен бор мезгилинде пайда болгон акиташтегинин арасында жолугат. Бор цемент, айнек өндүрүшүндө жана химиялык өнөржайында боёк, резина, парфюмерия жана башка даярдоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү