Борацит
Борацит бораттар тобундагы минералдык Химиялык формуласы Mg3B7O13Cl. Куб жана ромб сингониясында кристаллданат. Түссүз, айнектей, кээде алмаз сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 7-7,5. С. салмагы 2,97. Ал ангидрит жана таштуздарынын кендеринде кезигет. Бор кенташынын негизги минералы.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4