Борбордон четтөөчү күч нерсенин эркин кыймылын чектеп, аны ийри сызыктуу кыймылдоого мажбурлоочу материалдык чекиттин аракети. Анын сан мааниси mJ2/rге барабар, мында m чекиттин массасы, J анын ылдамдыгы, r траекториянын ийрилик радиусу. Борбордон четтөөчү күч менен борборго умтулуучу күчтүн сан маанилери бири бирине барабар жана карама-каршы тарапка бир түз сызыкты бойлой багытталат, бирок аракет жана каршы аракет эткен күч катары түрдүү нерселерге жумшалат. Мисалы, жипке бекитилген жүк горизонталь тегиздикте айланганда, борборго умтулуучу күч жүктү айлана боюнча кыймылга келтирип, жип аркылуу жүккө аракет этет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү