Борбордук аткаруу комитети

Борбордук аткаруу комитети (БАК) 1) СССРдеги 1922-36-жылында Советтердин съезддеринин аралыгындагы мамлекеттик бийликтин жогорку органы. СССР БАК тең укуктуу эки палатадан: Союздар Советинен жана Улуттар Советинен турган. СССРдин Конституциясына ылайык, БАК сессиялар аралыгында бийлик жүргүзүүчү жогорку органды СССР БАКтын Президиумун, союздук республикалардын санына жараша төрагаларын жана секретарларын шайлаган, ЭКСти жана Жогорку сотту уюштурган. СССР БАК союздук республикалардын өкмөтүнүн жана бардык бийлик органдарынын ишине жалпы багыт берген. БАК СССР Жогорку Советинин 1-шайланышына чейин (1938) иштеген. 2) 1917-38-жылында союздук жана автономия республикалардын Советтеринин съезддер аралыгындагы мамлекеттик жогорку органы. 1926-ж. Бүткүл Россиялык БАКтын чечими менен Кыргыз автономия облусу Кыргыз АССРи болуп түзүлүп, Кыргыз АССР БАКтын Президиумунун төрагалыгына Орозбеков Абдыкадыр шайланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү