Борбордук банк (англ. Central bank) банк системасынын акча рыногунун теңдештигин камсыз кылуучу башкы звеносу; өкмөттүн карыздык жана кредиттик операцияларындагы ортомчу. Борбордук банк өлкөнүн акча массасын, валюта курсун башкарууда жана валюта резервин сактоодо башкы ролду ойнойт. Көп өлкөлөрдө Борбордук банк акча эмиссиясынын бардык укугуна ээ. Негизги милдеттери: 1) акча жүгүртүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу; 2) кредит, акча жүгүртүү, эсеп жана валюталык мамиле жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүү. Борбордук банк төмөнкү иштерди аткарат: 1) акча эмиссиясын жана алардын жүгүртүлүшүн уюштурууну камсыз кылат; 2) башка кредиттик мекемелерде касса резервдерин топтойт жана сактайт; 3) коммерциялык банктарды кредиттөөнү камсыз кылат жана алардын ишмердигин контролдойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү