Борбордук якут ойдуңу Лена дарыясынын ортоңку, төмөнкү жана Вилюй, Алдан дарыяларынын төмөнкү агымдарынан орун алган.

Деңиз деңг. 75- 200 м бийиктикте. Батыштан чыгышка 550 км ге созулат. Бардык жеринде көп жылдык тоң бар. Саз жана термокарст көлдөрү көп. Климаты - кескин континенттик, январдын орточо температурасы -38ден -43°С, июлдуку 18°С Жылдык жаан-чачыны 200- 300 мм. Ойдуңда көбүнчө ийне жана жазы жалбырактуу тайга токою өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.