Бордюр
Бордюр (французча bordure – чети) 1. жасалга композициясынын (килем, панно, стела ж. б.) четин жээктеп турган тилке, кыюу. Дубал жазуусунун же дубал кагаздарынын (обои) үстүнкү бөлүгүндөгү кыюу да Б. боло алат (кээ бир учурда орнамент түрүндө болот). 2. парк, бакча газондордун айрым бөлүктөрүн жээктеп турган өсүмдүктөрдүн жапыз жана кууш тилкеси.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004