Кустодиев, Борис Михайлович (1878–1927) – советтик живописчи жана график. Петербург сүрөт академиясынын академиги (1909). Петербург сүрөт академиясында (1896–1903) И. Е. Репинден таалим алган. 1911-жылдан “Искусство дүйнөсү” бирикмесинин мүчөсү. К-дин негизги темасы – орус жаратылышы менен архитектурасынын сулуулугун көргөзгөн пейзаж; ошондой эле революцияга чейинки провинция типтери жана көрүнүштөрүн (“Чай ичүү”, 1913, Третьяков галереясы жана башкалар) ачык мүнөздөгү юмор менен тарткан. Жанрдык чыгармалардын, китеп иллюстрацияларынын, скульптура жана портреттердин автору. “Большевик” (1920, Третьяков галереясы), “Коминтерндин 2-конгрессинин урматына Урицкий аянтындагы майрам” (1921, Орус музейи) картиналарын жаратып, советтик чындыкка биринчилерден болуп кайрылган. В. И. Ленин образын сүрөт искусствосунда түзгөн. Театр сүрөтчүсү катары да иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү