Борис Леонидович Пастернак (29 [10]-февраль 1890, Москва - 30-май 1960, Москва облусу, Переделкино) - орус жазуучусу, акын, котормочу. XX кылымдын улуу акындарынын бири. Алгачкы ырлары 1913-ж. жарыяланган. Тунгуч ырлар жыйнагы 1914-ж. жарык көргөн. «Өмүр – менин кыйбасым» (1922), «Экинчи төрөлүү» (1932) лирикалык жыйнактары, «Толкунданганда» (1956-59) цикли, «Тогуз жүз бешинчи жыл» (1925-26) жана «Лейтенант Шмидт» (1926-27) тарыхый-революциялык поэмалары бар. «Көкүрөктөн кетпес дарт » (1925) поэмасы эпикалык мүнөзгө ээ. Повесттери жана абстракттуу гуманизмдин өңүтүнөн жазылган «Доктор Живаго» романы (1957-ж. чет мамлекетте жарык көргөн; 1958-ж.

Борис Пастернак.

Нобель сыйлыгы берилип, советтик басма сөздө сынга алынып, андан баш тарткан) бар. У. Шекспирдин, И. Гётенин, П. Верлендин жана грузин акындарынын чыгармаларын орус тилине которгон.

Өмүр таржымалы

түзөтүү

Биринчи ырларын 23 жашында жарыялаган. 1955-жылы "Доктор Живаго" романын жыйынтыктаган. Үч жылдан кийин адабият боюнча "Нобель" сыйлыгы менен сыйланган. Андыктан, совет өкмөтү тарабынан кодулоо жана куугунтуктарга кабылгандыктан сыйлыктан баш тартууга аргасыз болгон.

"Нобель" сыйлыгы

түзөтүү

1946-жылдан 1950-жылга чейин жыл сайын жана 1957-жылы Пастернак адабият боюнча Нобель" сыйлыгына көрсөтүлүп турган. 1958-жылы анын талапкерлиги өткөн жылкы лауреат Албер Камү тарабынан сунушталган. Ошентип, Пастернак (И.А. Бунинден кийин) бул сыйлыкты алган экинчи орусиялык жазуучу болуп калган.

Музейлер жана эс-тутум

түзөтүү

1984-жылы октябрда соттун чечими менен Пастернактын Переделкинодогу дачасы туугандарынан алынып, мамлекетке өткөрүлгөн. Эки жылдан кийин, 1986-жылы дачада СССРдеги эң биринчи Пастернак музейи түзүлгөн.

1980-жылы, акындын 90-жылдыгында Крым астрофизикалык обсерваториясынын астроному Людмила Карачкина 1980-жылы 21-февралда ачылган астероидди "3508-Пастернак" деп атаган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Шилтемелер

түзөтүү