Суслов Борис Васильевич (1930-ж.т., Аламүдүн району) - балет бийчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти 1939-ж. Кыргыз опера жана балет театрынын балет студиясында,1952-ж.

Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуган.

1950-жылдан опера жана балет театрынын балеттик тобунда иштейт. «Бахчисарай фонтандан» Вацлов менен Нуралинин, «Ак куу көлүнөн» Принцтин, «Уйкудагы сулуудан» Принц менен Дезиренин,«Анардан» Багыштын, «Доктор Ай-болиттен» Бармалейдин, «Раймондадан» Жан де Бриен менен Абдерахмандын, «Сыйкырдуу флейтадан» Пьердин, «Ромео менен Джульеттадан» Ромео менен Тибальддын ж. б. Ролдорду аткарат.

1972-жылдан режиссёрдун жардамчысы, көркөм жетекчинин ассистенти. 1958-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун катышуучусу. Театр коллективи менен КМШ өлкөлөрүнүн чоң шаарларында гастролдо болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.