Бор-Дөбө мөңгүсу Чоң Алай кырка тоосундагы Корумду чокусунун батыш тарабында. Узундугу 4,1 км, аянты 3,66 км2, абляция облусунун аянты 1,3 км2, көлөмү 0,2 км3. Кызыл-Суунун куймасы – Кызыларт- тын алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4900 м, этеги 3900 м бийик- тикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Фирн облусу Корумду чокусунан батышты карай ажыраган айрыктын түндүк капталында жатат. Б. м. – чегинип жаткан мөңгүлөрдөн. Андан Кызыларт суусунун оң курамы Бордөбө суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү