Босого географияда

  1. эки тоонун аралыгындагы же бир эле тоону кесип өткөн кененирээк капчыгай же өндүр. «Босого» адатта тектоникалык жол менен пайда болот: туурасынан жаткан грабен же кыркатоонун антиклиналдык жонунун жерге чөккөн кайкысы. Мындай жерлерге Жонгор босогосу (же дарбазасы; Жонгор Ала-Тоосу менен Бирликтоо, Майлытоо кыркатоолорунун аралыгында), Темирлан босогосу (же дарбазасы; Малгузар тоосу менен Нуратоонун аралыгында), Кыргызстандагы Босого капчыгайы (Ат-Башы кырка тоосу менен Нарын кырка тоосунун аралыгында) жана башкалар кирет.
  2. Дарыя нугундагы аска таштуу тайыз жерлер, бөгөттөр. Адатта босоголор жер бетине чыгып жаткан чулу тоотектерден же алардын аскалуу кырларын суу жеп, кырып кете албагандыгынан пайда болот. Босогодон кийин нук эңкейиштеп, суу шар агат (3-5 м/сек). Кээде шаркыратмалар да босоголорго айланат. Босоголор көбүнчө тоо дарыяларына мүнөздүү; түздүктөрдөгү айрым дарыяларда да болот. Кеме каттоого көп тоскоолдук кылат. Кыргызстандын дээрлик бардык дарыяларында босоголор бар. Босоголуу нуктарга ГЭСтер курулат. Босого топоним же анын бир бөлүгү катары Кыргызстандын аймагында арбын кездешет: Каракулжа районундагы кыштак, тоо чокусу Босого, Босого-Акташ, Атбашы районундагы капчыгай Босого, Кайыңды суусунун сол куймасы Босоготаш (Токтогул району) аталат.
  3. Эшиктин каалга бекитилген жыгачы, кашеги.
  4. Үйдүн кире бериши, ирегеси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү