БОСОГО-ТАЯК «Кайыңдан түндүк ийдирген,
Каалга, таяк босого,
Канча түрдөп чийдирген»
Манас»).

Бул — боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач кашеги. Ал уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт. Үйдүн босого-таягынын узун болжолдо 1,4 метр, туурасы 1,0 метр, жазылыгы 25 см. келип, ал «таяк-босогого», «баш босогого», «каалга» болуп, үч бөлүктөн турат. Бири-бирине ашталат да, кереге саканактары менен сызма же эшме жип аркылуу бекитилет. Баш босогонун үстүнөн үч-төрт эшик уугу орун алат. Босого-таяктын жазылыгы 10—12 см. калыңдыгы 3 см. бийиктиги жана кенендиги боз үйдүн көлөмүнө карата аныкталат. Эшик менен босого-таякка ич ара үндөшкөндөй «табак», «кыял» оюмдарын арбын түшүргөн чеберлер бар. Ага жыгаччылыкка таандык оюк ыкмасы пайдаланылат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)