Бостон асем искусство музейи

Бостон асем искусство музейи – АКШдагы ири көркөм музейлердин бири (1870-ж. негизделген). Музейде Египет, Греция, Рим искусствосунун эстеликтери топтолгон. Орто кылымдагы Кытай жана Япония, Индия, Азия өлкөлөрүнүн искусствосу (скульптура, живопись, карапа), Англиянын күмүштөн жасалган буюмдары, Франциянын импрессионисттеринин картиналары, 18–20-кылымдагы Америка живописи (Г. Стюарт, Ж. Вашингтондун портрети, 1796) жана башка кооздоо жана көркөм сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү