Ботния булуңу (шведче Botten өрөөндүн таманы) – Балтика деңизинин Швеция менен Финляндиянын аралыгындагы Түндүк бөлүгү. Узундугу 668 км, туурасы 240 кмге чейин, тереңдиги түштүгүндө 290 м, түндүгүндө 112 мге чейин. Шхерлер (аскалуу майда аралдар) көп. Октябрдан июлга чейин муз каптап жатат. Башкы порттору: Вааса, Оулу, Пори (Финляндия), Лулео, Умео (Швеция), Сунсвалль.

Колдонулган адабияттар түзөтүү