Бото көз
Бото көз (Myosotis) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумундагы уруусу; бир-эки же көп жылдык чөп. Сабагы тик, тамырынан чачырап өсөт, бийиктиги 15–50 смге жетет, сейрек калың түк менен капталган. Жалбырагы калактай, бүтүн, жөнөкөй, түктүү, саптуу, сабагына кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же көк, 5 мүчөлүү. Топ гүлү чачы. Мөмөсү жаңгакча. Кооз өсүмдүк. Евразиянын мээлүүн алкагында, Түштүк Африка, Жаңы Зеландиянын тоолорунда 80дей түрү, Кыргызстанда 5 түрү өсөт. Бийик тоолордо саздак жерлерде ажайып кооздукту пайда кылат. Жыттуу бото көз кеңири таралган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4