Боцман
Боцман (голландча bootsman) – кеме экипажынын кенже командалык (АДФте старшиналык) курамындагы кызмат, палуба командасынын түздөн-түз начальниги. Б. жалпы иштерге жетекчилик кылуу, кеменин тетиктеринин кармалышына матросторду машыктырууга, кемедеги тартипке жана тазалыкка көз салат. Ири аскер кемелеринде башкы жана бир нече боцман болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4