Бошотуунун теологиясы (исп. teologla de la liberation, англ. liberation theology)- теологиянын христиандык мектеби, өзгөчө Рим-католик чиркөөсүндө.

Бошотуунун теологиясынын эки негизги принциби бар:

  • 1) күнөөнүн булагы тууралуу маселе.
  • 2) христиан Кудай тарабынан берилген бардык таланттарын - интеллектти, өзгөчө илимди байгерлик үчүн колдонуусу керек деген идея. Бул багыттын теологдору жакырчылык күнөөнүн булагы деп эсептешет жана жакырчылыктын феноменин изилдөө үчүн социалдык жана экономикалык илимдерди колдонушат. Негизи Бошотуунун теологиясы күнөөлөрдүн булагы болгон жакырчылык менен күрөшүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт. Натыйжада христиандык теология (өзгөчө римдик-католиктик) менен саясий ишмердүүлүктүн ортосундагы мамилени изилдейт, өзгөчө социалдык адилеттүүлүк, жакырчылык жана адам укуктары тармагында.

Бошотуунун теологиясынын негизги методологиялык жаңы киргизүүлөрү болуп - теологияны жакырлардын жана эзилгендердин көз карашында кароо саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8