Боёктор - кездеме, тери, кагаз, пластмасса, резина жана башкаларды боёодо колдонулуучу түстүү органикалык бирикмелер. Боёктор байыркы заманда эле белгилүү болгон. Табигый боёктор көбүнчө өсүмдүктөрдөн (ализарин, индиго), кээде жаныбар организминен (пурпур) алынган. 19-кылымдын ортосунда сапаттуу синтездик боёктор көп чыгарылып, табигый боёктор кеңири колдонулбай калды. Алардын сапаты молекулаларынын химиялык түзүлүшүнө байланыштуу. Химиялык түзүлүшү боюнча азобоёктор, нитробоёктор, күкүрттүү боёк, индиго, антрахинон жана башка топторго бөлүнөт. Алифаттык жана алициклдүү катардагы боёкторго каротиноиддер кирет. Аларда көмүртек атомдорунун чынжырлары конъюгирлешкен кош байланыш системасында болот. Ароматтык боёкторго окси жана алкокси топтору бар чексиз кетондор, диарилметан туундулары, хинон, антрахинон жана башка тиешелүү болсо, гетероциклдүү боёктордо көбүнчө пиррол туундулары болот. Техникалык жактан материалдарды боёо жана аны колдонуу шартына жараша түздөн-түз боёочу, негиздик, булгаары, ацетат жибегин, синтездик булаларды боёочу пигменттер, лактар болуп бөлүнөт. Боёктор кино, сүрөт иштеринде, анализдик химияда, медицинада жана басмаканада колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү