Боёктуу өсүмдүктөр курамында боёочу заттары бар өсүмдүктөр. Мисалы, шафран, индиго, ышкын, эңилчек жана башкалар Алардын кабыгында, жалбырагында, мөмөсүндө, тамырында, гүлүндө, бүчүрүндө жана уругунда боёгуч заттар болот. Көбү кымыздыктар, талдар, чанактуулар, эндиктер, тыттар жана башка өсүмдүк урууларына кирет. Белгилүү болгон 2 миңден ашык өсүмдүк пигменттеринин 100дөн ашууну пайдаланылат. Табигый боёк заты байыртадан белгилүү болуп, 19 кылымдын 2-жарымына чейин текстиль өндүрүшүндө, тери, жүн боёодо, парфюмерия жана башкада колдонулуп келген. Химия өнөр жайынын өсүшүнө байланыштуу табигый боёктор синтездик боёктор менен алмашылды, бирок айрым табигый боёктор азыр да пайдаланылат. Кыргыз эли өсүмдүк кабыгын, тамырын жана ашын тери, жип, тон, жүн боёодо эзелтеден бери колдонуп келген.

индиго (Indigofera tinctoria).
Indigofera tinctoria.

Колдонулган адабияттар түзөтүү