Браве торчосу - атом жайланышкан чекитти (түйүндү) чектүү санда которууларынын группасы менен кайталоодон тузүлүүчү түйүндөрдүн чексиз системасы.

Бул группа берилген чекиттен чыккан, бирок бир тегиздикте жатпаган үч вектор аркылуу түзүлөт. Мында берилген вектордун чоңдугу жана өз ара багыттарына жараша бири биринен симметриясы боюнча айырмаланган браве торчосу келип чыгат. браве торчосунун 14 түрү бар. 4 типке бөлүнөт: жөнөкөй, негизине борборлошкон, көлөмүнө борборлошкон, гранына борборлошкон. Бул торчолорду 1-жолу (1848) француз илимпозу О. Браве геометриялык жол менен аныктаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.