Бразилия карнавалы

Бразилияда жыл сайын өтүүчү майрам

Бразилия карнавалы (порт. Carnaval do Brasil) — Бразилияда ар жыл сайын өтүүчү фестиваль, майрам Пасхага чейин кырк күн калганда жана улуу посттун башталышында белгиленет.

Бразилия карнавалы
Бразилия карнавалы
Карнавал, карнавал
Түрү Бразилияда майрамдалат
Официалдык аты Карнавал, Карнавал
Белгилешет  Бразилия
Ору-Прету шаарындагы Карнавал парады, Минас-Жерайс штаты.

Тарыхы түзөтүү

Февралда Бразилияда 4 күн, 4 түнгө созулган карнавал өтөт. Карнавалдын келип чыгышына бир нече көз караш бар. Алардын ичинен чындыкка жакыныраагын карасак, анда «европалыктар карнавалды грек маданиятынан мураска алышкан» деп айтылат. Көрсө, гректер шарап Кудайы Бахуска арнап майрам уюштурушчу экен. Ал эми Бразилияга майрамдык көчө жүрүштү 16-кылымда португалиялыктар алып келген. Кийинчерээк өлкөгө келип жашап калган африкалыктардын таасиринен майрамдык тамаша байып, өзгөрүлгөн. Бразилияда карнавал көбүнчө 8-15-февраль аралыгында өтөт. Бирок, эл 17сине чейин майрамдай берет. Бул мезгилде Бразилияда жай айы өкүм сүрөт. “Карнавал” деген сөздү латын тилинен которгондо “дене менен коштошуу” дегенди билдирет. Башкача айтканда, улуу пост башталаар алдындагы көңүл ачуудагы мүмкүнчүлүк деп түшүнсөк болот. Февралда Рио-де-Жанейрого дүйнөнүн түркүн бөлүгүнөн 300 миңден ашык туристтин келиши күтүлөт.

Карнавал кандайча өтөт? түзөтүү

Карнавал Бразилия шаарларынын тургундарынын ичинен эң толук эркектердин бирөөсүн Момо королу кылып шайлоодон башталат. Анын салмагы 140 килограммдан ашык болушу шарт. Момо королу карнавал учурундагы 200дөн ашык конкурс, балга, анан албетте, негизгиси, 14 бий мектеби жарыша турган Самбодромдо өтүлө турган бий конкурсуна катышуусу зарыл. Карнавалдын салтанаттуу ачылышында шаардын мэри Момо королуна Рио-де-Жанейро шаарынын символикалуу ачкычын тапшырат. Момо королу 4 күн бою шаардын кожоюну болуп калат. Андыктан, анын биринчи указы карнавалды баштоого буйрук берүү болот. Майрамдык жүрүштү эң мыкты 6 самбо мектеби баштайт. Анын артынан ар биринде катышуучулары 3-5 миңге чейин жетүүчү Жогорку лигадагы 14 бий мектеби Самбодромду көздөй бет алышат. Бир эле бий мектебинин катышуучуларынын тизмеги жарым чакырымга чейин созулуп, Самбодромго жетүү үчүн 1 саат керектелет. 14 бий мектебинин мүчөлөрү дээрлик 2 түн өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Тактап айтканда, ар бир мектеп карнавал үчүн бир жыл бою даярдаган бий, музыка менен коштолгон спектаклдерин аткарышат. Алардын өнөрүн баалап, таразалоону атайын комиссия моюнуна алат. Алар барабандардын ыргагына жараша жүрүш жасоонун сапатына, костюмдарга, бийдин обонуна карашат. Карнавалдык кийимдер дээрлик ачык көрүнүштө болуп, кооздолуп боёлгон канаттар жана башкалар менен шөкөттөлөт. Айрым кийимдердин салмагы 10 килограммга чейин жетет. Жасалгаланган машиналар кыбырап жылып, өзүндөгү 4-5 кабат болуп металл, жыгач, папье-машеден жасалган конструкцияны ташууга аргасыз. Андагы бардык кабаттарда ичке темирлерди кармап бийлеген самбачылар болот. Бий барабан, гитара, кавакиньо жана башка мызыкалык аспаптар менен коштолот. Майрамдык жүрүштөгү ак майка, ак панамачан эркектер түрткөн арабалардын биринен жасалган ажыдаарды (же үйлөмө) көрүүгө болсо, экинчисинен канатын жайган чоң кушту көрүүгө болот. Карнавал учурунда шаардын түрдүү райондорунда 200дөн ашык бал өтөт. Майрамдоо, самба бийин бийлөө атүгүл пляждарды да өз кучагына камтыйт. Өткөзүлө турган балдардын ичинен эң белгилүүсү Копакабан сарайындагы бал. Ага актёрлор, белдүү саясатчылар, футбол жылдыздары, моделдер катышат. Ошентип, Рио-де-Жанейронун бардык жеринде самба бийленип, көңүл көтөрүүчү суусундуктар ичилип, ырлар ырдалат.

Билет баасы түзөтүү

Карнавалдын билети арзан эмес. Орточо эсеп менен 150-200 евро. Бирок, майрам башталганда билет кымбаттап, 1000-2000 еврого дейре чыгып кетет. Билет жетпей калгандар карнавалды көчөдөн көрүүгө аргасыз болушат.

Самбодром түзөтүү

Самбодром (бий аянты) 1984-жылы курулган. Узундугу 700 метр, туурасы 13 метр. Анда 70 миң адам сыят. 40 миң орун стол, креслосу менен жабдылган. Трибунадагы жөнөкөй орун 300, ал эми кресло, столдуу орун 600, VIP-ложа 1000 доллар турат. Самба бийи боюнча конкурс дал ушул аянтта өтөт.