Брижтаун – Барбадос мамлекетинин борбор шаары. Атлантика океанынын жээгинде, Барбадос аралынын түштүк-батышында жайгашкан. Өлкөнүн башкы порту. Калкы 98,7 миң (2006). Эл аралык аэропорту, тамак-аш, жеңил өнөр жайы бар. 17-кылымда негизделген. Илимий жана искусство колледжи (университеттин астында), калк китепканасы, галерея, музей иштейт. Өкмөт (18-кылымдын аягы) жана парламент үйү, Ж. Вашингтондун үйү (1751), Ыйык Михаил собору, театры менен Королдун паркы бар. Трафальгар гүлбак аянтында адмирал Г. Нельсонго эстелик тургузулган. Сыртка кант, патока, ром чыгарылат. Курорт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү