Бриссо де Варвилл Жак-Пьер

Бриссо де Варвилл Жак Пьер- 1754-жылы жарык дуйного келген. Колледжди аяктагандан кийин Париж парламентинин прокурорунун биринчи катчысы болуп иштеген. 1784-жылы Англиядан кайтып келгенден кийин, ал Бастилияда токтойт. Ал жерден чыгып, ал либералдык көз караштары менен белгилүү болгон Орлеан герцогу менен таанышып, ошол жерден орун алат. Ошону менен бирге ал Мирабо, Кондорсе жана революциянын башка болочок жетекчилери менен таанышты. 1787-жылы ал Америка Кошмо Штаттарына барып, ошондон бери кулчулукту жоюу үчүн активдүү үгүт жүргүзүп келет.

1789-жылдын 16-мартында «Француз Патриот» («Патриот français», 1789-1793) гезитинин проспектисин чыгарып, англис публицист Т.Джеббдин сөзүн эпиграф катары алган: «Эркин газети— элдин таламдарын дайыма сак-тап турган кароолчу». 1-апрелде гезиттин экинчи проспектиси пайда болду, анда басылышынын жыштыгы (жумасына 4 жолу), басылышынын башталышы (10-апрелде), жазылуу баасы (жылына 24 ливр) жазылган. Бирок цензура мындай баракчалардын проспектине жана андан ары басылышына тыюу салган.

Бриссо бир нече убакытка жарыялоону кийинкиге калтырууга аргасыз болгон. Ал падышалык полиция тарабынан издөөдө жүргөндуктон, Генералдык штаттын жыйынына чейин бир гана санын чыгара алган. 1791-жылдын октябрынан бери Бриссо өзүнүн парламенттик карьерасы менен көбүрөөк алектенип келет. Ал эми «Француз патриоту» согушту кылдат агитациялап, эмигранттарды айыптайт. Бриссо падышалык бийликке каршы чыккан , Францияда республика түзүү үчүн жана монархиянын кулашына жол бербөөгө аракет кылган. Бул саясат 1792-жылдын 20-апрелинде согуш жарыялоого алып келген. Кагылышуунун натыйжасында Бриссо жана жирондист жетекчилери камакка алынган. Гезит 1793-жылдын 2-июнуна чейин болгон. 31-октябрь, 1793-жылы Бриссо революциялык трибунал тарабынан гильотинага алынган.


Колдонулган адабият

https://dic.academic.ru/dic.nsf/es/10001/%D0%91%D1%80%D0%B8%D1%81%D1%81%D0%BE