Брифинг
Брифинг (англисче briefing) – 1) көрсөтмө берүү; 2) басма сөз өкүлдөрүнүн кыскача билдирүүсү. Анда өкмөттүн, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын тиешелүү маселелер боюнча позициялары же эл аралык сүйлөшүү, конференция, жыйналыштарда өз ара макулдашуулар, алардын жүрүшү, катышуучуларынын көз караштары, пикирлери, сунуштары жана башкалар жөнүндө маалымат берилет. Пресс-конференциядан айырмаланып, брифингде чакырылган журналисттердин суроолоруна, эреже катары, жооп берилбейт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4